Akchabarsearch
Бишкек: 18 тоннадан оор унааларга күндүз шаардын жолдорунда жүрүүгө болбойт

Жарыяланган

2026-14-07, 12:41

Бишкек: 18 тоннадан оор унааларга күндүз шаардын жолдорунда жүрүүгө болбойт

Бишкек мэриясы оор жүк ташуучу унааларга күндүз шаардын жолдорунда жүрүүгө болбой турганын эске салат.

Маалым болгондой, 20-майдан 1-октябрга чейин саат 09:00дон 19:00го чейин күн +28 градус же андан ашык ысыганда салмагы 18 тоннадан ашкан унааларга шаардын жолдорунда жүрүүгө болбойт.

Мындай чечим шаардын жолдорун сактоо үчүн кабыл алынган.

“Айдоочуларды жана транспорттук компанияларды каттамдарды пландаштырууда талаптарды эске алууну суранабыз. Мүмкүнчүлүккө жараша күн ысыган маалда оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпай турууну жана белгиленген эрежелерди сактоону сунуштайбыз”, - деп айтылат маалыматта. 


Тектеш материалды окуу