Жарыяланган
2025-01-09, 16:19Бишкек – Балыкчы поезд каттамы 6-сентябрга чейин иштейт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Буга чейин аталган каттам 1-сентябрга чейин иштейт деп пландалган. Бирок аны узартуу чечим кабыл алынган.
Поезд мурдагы эле убакыт боюнча каттайт. Болгону 5-сентябрда техникалык себептерден улам каттамдын графиги өзгөрөт. Ага ылайык, 5-сентябрда поезд "Бишкек-2" бекетинен саат 08:45те жолго чыгып, саат 13:16да Балыкчыга жетет. Кайра Балыкчыдан кечки саат 19:26да шаарды көздөй жол тартып, "Бишкек-2" бекетине саат 23:56да келет.