
Жарыяланган
2026-13-11, 16:20Бишкек - Ош жолун кыскартуу үчүн Бишкек - Күн-Туу - Белогорка - Суусамыр жолун салуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Ала-Тоо депутаттык тобунун 12-ноябрдагы жыйынында транспорт министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу билдирди.
Анын айтымында, жаңы жол салынса, азыркы каттам 150 чакырымга кыскарып, жолго кеткен убакыт 2 саатка азаят.
Буга чейин өкмөт берген маалыматта айтылгандай, Бишкек - Күн-Туу - Белогорка - Суусамыр жолунун узундугу 120 чакырымды түзөт. Анын курулушунда узундугу 6 чакырым болгон тоннель салынат.



