
Жарыяланган
2026-06-04, 15:50Бишкекте 1-мартка карата абоненттердин таштанды үчүн карызы 244.3 млн сомдон ашат. Бул тууралуу “Тазалык” ишканасы билдирди.
Алардын ичинен 147.9 млн сом жарандар төлөбөй жүргөн бересе болсо, 96.4 млн сом ишкерлердин карызы.
“Тазалык” ишканасы таштандынын акчасын төлөбөй жүргөндөр арасында текшерүү иштери күчөтүлгөнүн белгилеп, карызы барларга айып салынарын эскертет.
Ошондуктан ишкана жарандарды жана ишкерлерди таштандынын акысын убагында төлөөгө чакырат.



