Жарыяланган
2025-05-08, 16:56Бишкекте бүгүн, 5-августтан тарта беш автобус каттамынын багыты убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасына таандык №101, 61, 100 жана "Эко жүргүнчүлөрдү ташуучу" компаниясынын №10 менен 11 автобустарынын каттамы өзгөртүлдү.
Ал Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиевден Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.