Akchabarsearch
Бишкекте үч күн катары менен азык-түлүк жарманкеси өтөт

Жарыяланган

2025-30-04, 18:08

Бишкекте үч күн катары менен азык-түлүк жарманкеси өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкек шаарында 1нен 3-майга чейин азык-түлүк жарманкесин уюштурат. 

Жарманке Түгөлбай-Ата көчөсүнүн Эркиндиктен К.Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө (Темир жол бекети жакта) саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин өтөт. 

Ал ата мекендик өндүрүшчүлөрдү жана ишкерлерди колдоо максатында уюштурулат. Продукциялар жарандарга дүң баада сатылат.


Тектеш материалды окуу