Akchabarsearch
Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиялары убактылуу токтотулду

Жарыяланган

2026-11-08, 15:10

Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиялары убактылуу токтотулду

Бишкек шаарында эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиялары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Маалым болгондой, Улуттук банк "Золотой динар" жана "Береке КМТ" акча алмаштыруучу жайларынын лицензияларын 8-августтан 17-августка чейин токтоткон. Ага бул эки акча алмаштыруучу жайдын өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банктын талаптарын бузганы себеп болгон. 

Лицензиясы убактылуу токтотулган акча алмаштыруучу жайлардын даректери:

1. "Золотой динар" - Ден Сяопин пр., 14-үй, 2-кв.;

2.  "Береке КМТ" - Дэн Сяопин пр., 10-үй, 2-кв.


Тектеш материалды окуу