
Жарыяланган
2026-12-06, 15:02Бишкек шаарында Элебесов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Шаар бийлиги “Дордой” базарынын аймагындагы жолдорду оңдоп-түзөөнүн экинчи баскычы баштала турганын, ага байланыштуу аталган тилке 16-июндан тарта оңдоого жабыларын белгиледи.
Мэрия жарандарды ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, бара турган жерге жолду алдын ала пландап алууга чакырат.



