Жарыяланган
2025-05-05, 18:14Бишкекте газ менен иштей турган отказандар жасалууда. Блу тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Таалайбек Байгазиев газ менен иштей турган отказандар жасалып жаткан “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасына барып, иштин жүрүшүн көргөн.
Кышка карата кубаттуулугу 1, 3 жана 5 МВт болгон газ менен иштей турган 11 отказан жасалат. Учурда кубаттуулугу 5 МВт болгон эки отказан жасалып бүткөн. Алдыда дагы 9 отказан жасалып, алардын баары быйыл ишке берилет.
"Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасында буга чейин көмүр менен иштеген отказандар жасалып келген болсо, 2025-жылдан тарта биринчи жолу газ менен иштей турган отказандар жасалып жатат. Бул Бишкек мэриясы үчүн чоң жетишкендик. Бул отказандарды буга чейин сырттан сатып алып келген болсок, эми жогорку сапатта өзүбүз жасап жатабыз. Отказандар алдыдагы жылытуу мезгилинде отканаларга орнотулуп, ишке кирет. Шаарыбыздын экологиялык абалын жакшыртуу максатында газ менен иштей турган отказандарды жетиштүү санда чыгарууга даярбыз. Мындай отказандар алда канча үнөмдүү" – дейт Байгазиев.