akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-06-05, 13:49

    УКМК: Баткенде «Арак-шарап заводу» мамлекетке кайтарылды

    Баткен облусунун Төрт-Гүл айыл аймагында «Арак-шарап заводу» мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

    Маалым болгондой, 1997-жылы аталган айыл аймактын тургундарынын элдик жыйынынын протоколдук чечими менен «Төрт-Гүл» ЖЧКсы түзүлүп, арак-шарап чыгарган ишкана жеке менчикке өткөрүлгөн.  Кийин 2006-жылы Төрт-Гүл айыл аймагынын №07/30 токтомуна ылайык, «Арак-шарап заводу» 2,89 га жери менен чет элдик үлүшү бар жеке фирмага арзан баага сатылып кеткен.

    Атайын кызмат билдиргендей, териштирүү иштеринин жүрүшүндө «Арак-шарап заводунун» уюштуруучулары менен директору ишкананы жери менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берген.


    Тектеш материалды окуу