Жарыяланган
2025-08-08, 12:25Бишкекте "Стальмонтаж плюс" курулуш компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, министрликтин кызматкерлери аталган компания "Мичурин көчөсү 27" дарегинде салып жаткан 9 кабаттуу үйдү текшерип, мыйзам бузууларды аныктаган. Курулуш нормаларын, коопсуздук эрежелерин жана мыйзам талаптарынын сактабагандыгы үчүн компанияга 35 миң сом айып салынган.
Эми компания аныкталган мүчүлүштүктөрдү жоюшу керек. Болбосо аларга кошумча административдик чара көрүлөт.