Akchabarsearch
    Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн 5 тонна сыр артка кайтарылды

    Жарыяланган

    2025-08-08, 16:03

    Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн 5 тонна сыр артка кайтарылды

    Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн 5 тонна сыр артка кайтарылды. Бул тууралуу Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Оренбург облусу боюнча башкармалыгы билдирди. 

    Маалыматка ылайык, 5 тонна сыр орус-казак чек арасындагы "Маштаково" эл аралык өткөрмө жайында текшерилип, товар жүктү алуучуга жөнөтүлгөнү тууралуу алдын ала кабарлама "Аргус" маалыматтык системасында жок экени аныкталган. Ошондой эле сыр жеңил унаа менен бирге ташылып келе жаткандыктан, Бажы биримдигинин техникалык регламенти бузулган. 

    Жүк ветеринардык мыйзамдарды бузуу менен ташылып келе жатканы үчүн жүк ташуучу административдик жоопкерчилик тартылып, сыр артка кайтарылган. 


    Тектеш материалды окуу