Жарыяланган
2026-11-06, 14:06Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Жал кичи районундагы кампусунун аймагында салына баштаган жатакананын курулушу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 1100 орунга эсептелген жатакананы “Битрейд Импекс” компаниясы сала баштаган. Бирок компанияда тиешелүу уруксат кагаздары болгон эмес. Компания мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жер казуу иштерин баштаган.
Курулушту мыйзамсыз жүргүзгөнү үчүн “Битрейд Импекс” компаниясына 200 миң сом айып салынган.
Компания тиешелүү жол-жоболорду аткарып, уруксат кагаздарды алганга чейин курулуш иштери токтотулган.
Министрлик курулуш компанияларга мыйзамды так сактоого чакырат.



