Akchabarsearch
    Бишкекте «Төмөнкү Ала-Арча» МАБынын башчысынын орун басары кармалды

    Жарыяланган

    2025-05-08, 17:36

    Бишкекте «Төмөнкү Ала-Арча» МАБынын башчысынын орун басары кармалды

    Бишкектин Свердлов районунун «Төмөнкү Ала-Арча» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары (Т.К.) пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

    Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал күйүүчү май саткан жайларды калкалап, акча үчүн муниципалдык жерди ижарага мыйзамсыз берип жүргөн.

    4-августта ал иш бөлмөсүнөн 2.3 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. 

    Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.


    Тектеш материалды окуу