Akchabarsearch
Бишкекте жасалма ичимдик чыгарылган кампа аныкталды

Жарыяланган

2025-16-10, 12:30

Бишкекте жасалма ичимдик чыгарылган кампа аныкталды

Бишкекте жасалма ичимдик чыгарылган кампа аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

Текшерүү учурунда кампадан эски үлгүдөгү жана шектүү акциздик маркалар, ичимдикти куйганга бош идиштер, капкактар жана белгилүү алкоголдук продукциялардын этикеткалары табылган.

Алдын ала маалымат боюнча, бул жерден чыгарылган жасалма ичимдиктер жергиликтүү базарларга таратылып, сатылып келген.

Бул факты боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.


Тектеш материалды окуу