Akchabarsearch
Бишкектеги жаңы конуштар үчүн алына турган автобустар тандоо иштери жүрүүдө
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-16-04, 16:47

Бишкектеги жаңы конуштар үчүн алына турган автобустар тандоо иштери жүрүүдө

Бишкектеги жаңы конуштар үчүн алына турган автобустар тандоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Белгилүү болгондой, жаңы конуштар үчүн 625 чакан автобус алуу каралган. 

Мэр Айбек Жунушалиев сатып алуу үчүн каралып жаткан Zhong Tong жана Yutong үлгүсүндөгү автобустарды көрүп чыккан. 

Көрсөтүлгөн Zhong Tong үлгүсүндөгү автобус газ менен иштесе, Yutong маркасындагысы электр энергиясы менен жүрөт. Узундугу 890 см болгон бул автобустардын таманы ылдый, кондиционер менен жабдылган жана майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлаштырылган.

Салыштырып тандоо үчүн келерки жумада Бишкекке башка үлгүдөгү автобустар алып келинет. 

Сыноо, текшерүүдөн кийин мэрия кайсы үлгүдөгү автобустарды аларын аныктайт. 
 


Тектеш материалды окуу