
Жарыяланган
2026-08-04, 10:51Быйыл январь-февраль айларында өлкө бюджетинин кирешелери чыгашаларынан көп болуп, профицит дээрлик 73 млрд сомду түздү.
Былтыркы жылдын эки айында профицит болжол менен 49 млрд сом болгон. Быйыл ал 24 млрд сомго же 1.5 эсеге көп болууда.
Кирешенин көбөйгөнү салыктан көп акча түшүп жатканы менен байланыштуу.
Быйыл эки айда бюджетке жалпы 159 млрд сом чогулган: былтыр ошол эле мезгилде 119 млрд сом жыйналган.



