
Жарыяланган
2026-08-04, 12:56Улуттук банктын төлөм системалар операторлорунун тизмесине жаңы компания – “Жаңы Вектор” ЖЧКсы кошулду. Ага лицензия 26-мартта берилген.
Компания Бишкекте катталган, анын жетекчиси – Ирина Зинченко.
Аталган компания жыл башынан бери төлөм системалар рыногуна кирген үчүнчү компания болду. Буга чейин “Монтра” жана “Май Софт” компаниялары лицензия алган.
“Жаңы Вектор” өлкөнүн төлөм системалар рыногундагы 56-компания болун саналат.



