
Жарыяланган
2026-08-04, 12:12Ысык-Көлдө ишкерден уюшкан кылмыштуу топ тартып алган пансионатты кийин УКМКнын кызматкерлери тартып алган экен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.
Анын айтымында, бул окуя 2022 же 2023-жылы болгон. Ошол маалда УКМКнын жетекчилиги кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунан жабыркаган ишкерлерге атайын кызматка кайрылууга чакырган. Ишкер УКМКга кайрылгандан кийин анын пансионатын атайын кызматта иштегендер тартып алган.
“Көлдө бир пансионатым бар эле. Ошону убагында уюшкан кылмыштуу топ тартып алган. УКМКнын кайрылуусунан кийин барсам, тескерисинче, пансионатымды УКМКнын кызматкерлери тартып алды", дейт. Азыр “пансионат мамлекетке өттүбү?” деп сурасам, атайын кызматта иштеген адамдардын биринин колунда экенин айтты”, - дейт депутат.
Сурабалдиева башкы прокурор Максат Асаналиевден ушул өңдүү учурлар текшерилип жатабы деп сурады.
Башкы прокурор аларга мындай арыздар көп түшүп жатканын, алардын саны 386га жеткенин билдирди.
Асаналиев ишкерлерди эч чоочулабастан прокуратура, күч органдарына кайрылууга чакырып, алардын иши калыс каралып берилерин убада кылды.



