Жарыяланган
2024-30-08, 10:39Быйыл жети айда “Кумтөр” ишканасы бюджетке салык түрүндө 5 млрд 373,3 млн сом которду.
Бул сумма компаниянын дүң кирешесинен түшкөн салыктан 5 млрд 55 млн 664,6 миң сомду түздү, ошондой эле “Кумтөр” тарабынан минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүү үчүн жылдык төлөм – 317 млн 656,4 миң сомду түздү. 2023-жылдын ушул эле мезгилинде казынага “Кумтөрдүн” дүң кирешесинен 591 млн 405 миң сом кем салык түшкөн. Мында ишкана сырьёлук базаны өнүктүрүүгө 2,4 эсе көп каражат бөлгөн.
Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын аягында “Кумтөрдүн” таза кирешеси 302,4 млн долларды түзгөн, бирок компания 194 млн доллар киреше түшөт деп күткөн.