Akchabarsearch
Чернобылдагы кырсыктын кесепетин жоюу баргандарга бир жолку төлөм берүү маселеси көтөрүлдү

Жарыяланган

2026-09-04, 11:20

Чернобылдагы кырсыктын кесепетин жоюу баргандарга бир жолку төлөм берүү маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Мавлюда Калбердиева Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын кесепетин жоюуга катышкан жарандарга бир жолку төлөм берүү маселесин көтөрдү. 

Ал быйыл 26-апрелде Чернобылдагы кырсыкка 40 жыл боло турганын, анын кесепетин жоюуга Кыргызстандан 6 миң киши барганын, азыр алардын ичинен 960 кишинин көзүү тирүү экенин билдирди. 

Калбердиева Чернобылдагы кырсыкты жоюуга катышкандар ал жакка өз ыктыяры менен барбаганын белгилеп, аларга бир жолку төлөм берүү туура болорун айтты. 
 


Тектеш материалды окуу