
Жарыяланган
2026-19-08, 11:12Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу үчүн саналуу гана күндөр калды. Бул тууралуу Унааларды каттоо боюнча мамлекеттик борбору билдирди.
Мекеме мыйзамдаштыруу 1-сентябрга чейин жүрө турганын, бирок ортодо дем алыш жана майрам күндөр бар экенин эскертип, мыйзамдаштырууну акыркы күнгө калтырам деген жарандар жетишпей калышы мүмкүн экенин белгилейт.
Маселен келерки аптада 29-30-август алтынчы жана базар күн болсо, андан кийин 31-август - Эгемендик күнү эс алуу күнү болуп саналат.
Ошондой эле мыйзамдаштыруу өнөктүгү аяктай турган 1-сентябрь күнү мекеменин айрым бөлүмдөрү иштебейт. Ошондуктан Унааларды каттоо борбору чет элдик номерлүү унаасы барларды кийинкиге калтырбай унаасын мыйзамдаштырууга чакырат.
Эскерте кетсек, чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу биринчи ирет 2025-жылы 1-апрелден 1-октябрга чейин жүргөн. Жалпы 30 миңден ашык унаа мыйзамдаштырылып, бюджетке 1.8 млрд сомдон ашык акча түшкөн.
Бирок былтыр унаасын мыйзамдаштырууга жетишпей калган жарандар дагы бир мүмкүндүк берүүнү суранып, бийлик органдарына кайрылып келишкен. Эми аларга 10-июлдан 1-сентябрга чейин унааларын мыйзамдаштырып алууга дагы бир мүмкүндүк берилүүдө. Бул жолу үлгүрбөй калгандар унааларын мыйзамдаштыра албай калат.
Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрына чейин алып келинген чет элдик номерлүү унааларды гана мыйзамдаштырууга болот.
Мыйзамдаштыруунун акысы буга чейинкидей эле калат: унаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубдан ашпагандар 50 миң сомдон, 2 кубдан ашкандары 100 миң сомдон төлөйт. Ошондой эле чет элдик номерлүү электр унаа ээси 50 миң сомду төлөшү керек болот.



