Akchabarsearch
Чет элдик жарандар үчүн Кыргызстанда жүрүү тууралуу жобо өзгөртүлдү

Жарыяланган

2026-27-03, 13:57

Чет элдик жарандар үчүн Кыргызстанда жүрүү тууралуу жобо өзгөртүлдү

Чет элдик жарандар үчүн Кыргызстанда жүрүү тууралуу жобого өзгөртүлүлөр киргизилди. Тиешелүү токтом 27-мартта жарыяланып, эми он күнөн кийин күчүнө кирет. 

Киргизилген өзгөртүүлөр: 

13-пункт жаңы абзац менен толукталды: 

Этникалык кыргыздар Кыргызстанда уруксат берүүчү документ албастан жүрүү мөөнөтүн өткөрүп жиберсе, аларга тиешелүү уруксат кагаздарды алуу үчүн өлкөгө (30 күн ичинде бир жолу) кирүүгө уруксат берилет. 

14-пункттун биринчи абзацы өзгөртүлдү: 

Өлкөгө “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу же “Электрондук виза” порталынын жардамы менен келген чет элдик жарандар өлкөдөгү лицензиясы бар кумаркананын өтүнүчү бар болсо, 7 күнгө чейинки визаны жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алат. Кайсы өлкөнүн жарандары 7 күнгө чейинки визаны жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала аларын ТИМ, УКМК жана Экономика министрлиги аныктайт. 

15-1-пункттун биринчи абзацы өзгөртүлүп, дагы бир абзац кошулду: 

Уюшма туристтик топ менен келген Кытайдын жарандары Кыргызстанда 21 күнгө чейин визасыз жүрө алат. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетиши керек. Өлкөдөн чыгып кеткенден кийин алар 21 күн өткөн соң кайра Кыргызстанга визасыз кире алат. 

Буга чейин уюшма топ менен Кыргызстанга келгендерде өз өлкөсүнө же башка мамлекетке кеткенге учак билети болуш керек деген талап болгон. Эми андай талап жок. 

Уюшма туристтик топ менен келген Кытай жарандары Кыргызстанда дагы калуу үчүн виза же башка уруксат документтерди ала албайт (жаңы абзац).  

16-пункттун биринчи абзацы өзгөртүлүп, дагы бир абзац кошулду: 

Кытайдын атайын административдик райондору болгон Макао менен Гонконгдун туруктуу тургундары (жарактуу жол жүрүү документинин ээлери) Кыргызстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алат. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетиши керек. Арадан 30 күн өткөндөн кийин кайра өлкөгө визасыз кире алат. 

Буга чейин Кыргызстанга келген Макао менен Гонконгдун тургундары өз өлкөсүнө же башка мамлекетке кеткенге учак билети болуш керек деген талап болгон. Эми андай талап жок. 

Макао менен Гонконгдун туруктуу тургундары өлкөгө визасыз келгенден кийин (30 күнгө чейин) Кыргызстанда дагы калуу үчүн виза же башка уруксат документтерди ала албайт (жаңы абзац).  
 


Тектеш материалды окуу