Akchabarsearch
Тонировкага уруксат берүүдөн эки айда 173.7 млн сом чогулду

Жарыяланган

2026-27-03, 16:35

Тонировкага уруксат берүүдөн эки айда 173.7 млн сом чогулду

Быйыл эки айда унаанын алдынкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүдөн бюджетке 173.7 млн сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат. 

Былтыр январь-февраль айларында тонировкага уруксат берүүдөн дээрлик 109 млн сом чогулган. Быйылкы эки айда андан 64.7 млн сомго көбүрөк акча түштү. 

Эскерте кетсек, тонировкага уруксат бир жылга берилет. Уруксаттын баасы жарандар үчүн – 50 миң сомду, юридикалык жактарга – 70 миң сомду түзөт.  
 


Тектеш материалды окуу