
Жарыяланган
2026-27-03, 10:27Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында айланма жол салынууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Аталган жол 4 тилкелүү болуп, узундугу 15,64 чакырымга жетет.
Жол өлкө бюджетинин эсебинен салынып, курулуш иштерин кытайлык «Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн» компаниясы жүргүзүүдө.
Айланма жол жайдын аягында жана күздүн башында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай салынууда.



