
Жарыяланган
2026-27-03, 12:12Энергетика министрлиги Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиянын тарифтери өзгөрө турганын эске салды.
1-майдан баштап 1 кВт/саат үчүн тариф төмөндөгүчө болот:
1. Калк, анын ичинде:
I) айына 700 кВт.саатка чейин керектөөдө – 1,64 сом;
II) айына 700 кВт.саатка ашык керектөөдө – 2,94 сом;
III) бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган калк – 1,64 сом;
IV) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр айына 700 кВт.саатка чейин керектөөдө – 0,50 сом;
V) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр айына 700 кВт.сааттан ашык керектөөдө – 2,94 сом;
VI) калк, чектөөсүз – 4,17 сом;
2. Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр – 2,96 сом;
3. Электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялары – 5,99 сом;
4. Өнөр жай керектөөчүлөрү – 3,65 сом;
5. Коммерциялык керектөөчүлөр – 4,33 сом;
6. Бюджеттик керектөөчүлөр – 4,62 сом;
7. Энергияны көп көлөмдө керектөөчүлөр – 6,84 сом.



