
Жарыяланган
2026-27-03, 14:47Жол эреже бузганы “Коопсуз шаар” долбоорунун камераларына түшүп калган айдоочулар быйыл эки айда бюджетке 351.34 млн сом айыппул төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.
Былтыркы жылдын январь-февраль айына караганда быйылкысында айыппулдан түшкөн акча 152.84 млн сомго көп болду. 2025-жылы эки айда 198.5 млн сомдой айыппул төлөнгөн.
Жол эреже бузуп, камерага илинип калган айдоочулар 2025-жылы казынага 1 млрд 658.7 млн сом айып пул төлөгөн.



