Akchabarsearch
    Бала бакча жана лицейлердин директорлорунун айлыгын жогорулатуу үчүн 600 млн сом керектелет

    Жарыяланган

    2025-03-03, 13:36

    Бала бакча жана лицейлердин директорлорунун айлыгын жогорулатуу үчүн 600 млн сом керектелет

    Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова учурда бала бакчалардын, мектептен тышкаркы уюмдардын жана кесиптик лицейлердин директорлорунун эмгек акысын көтөрүү үчүн каржы булактары каралып жатканын парламенттин комитет жыйынында билдирди.

    Бул үчүн 600 миллион сом керектелет.

    Эске салсак, 2022-жылы билим берүү тармагында эмгек акыны олуттуу индексациялоо жүргүзүлгөн. Профессордук курамдын эмгек акысы 100%, кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысы 80% өстү. 2023-жылы да өсүш болгон: директорлордун жана алардын орун басарларынын айлыктары 50%га жогорулаган.


    Тектеш материалды окуу