Akchabarsearch
Дарыгерлерге 5 миң мамлекеттик ипотекалык үй кезексиз берилет

Жарыяланган

2025-31-12, 13:36

Дарыгерлерге 5 миң мамлекеттик ипотекалык үй кезексиз берилет

Медицина кызматкерлерине 5 миң мамлекеттик ипотекалык үй кезексиз берилет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов билдирди. 

Министр дарыгерлерди үй менен камсыз кылуу орчундуу маселелердин бири экенин белгилеп өтүп, келерки жылы апрелден тарта алардын айлыгы 100%га көбөйтүлө турганын эске салды.

Досмамбетов учурда саламаттык сактоо тармагында реформа башталганын, алдыда чоң иштер жасала турганын билдирди. 


Тектеш материалды окуу