Akchabarsearch
Депутат айрым бийик тоолуу айылдардын тургундарына пенсияга чыгууда жеңилдик берилбей жатканын айтты

Жарыяланган

2026-23-04, 12:11

Депутат айрым бийик тоолуу айылдардын тургундарына пенсияга чыгууда жеңилдик берилбей жатканын айтты

Деңиз денгээлинен 1800 метрден бийик жайгашып, бийик тоолуу аймактардын катарына жаңы кирген 31 айылдын тургундары пенсияга чыгууда жеңилдиктерди пайдалана албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков билдирди.

Анын айтымында, былтыр 1800 метрден бийик турган айылдар бийик тоолуу аймактардын катарына кирет деген мыйзам кабыл алынган. 

Ал мыйзамга ылайык, 31 конуш, анын ичинде Таластагы Көпүрө-Базар (1963 метр) жана Ак-Коргон (1976 метр) айылдары бийик тоолуу аймактардын катарына кирген. Бирок ага карабай ал жакта жашап-иштеген тургундар пенсияга чыгууда жеңилдиктерди ала албай жатышат. Себеби алар 2000 метрден ылдый жайгашкан. 

Соцфонддун түшүндүрмөсү боюнча, 2000 метрден бийик жайгашкан айылдардын тургундарына гана пенсияга чыгууда жеңилдик каралган. Андан ылдый болсо, жеңилдик берилбейт. 

Чойбеков былтыр Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам боюнча, 1800 метрден бийик турган айылдардын тургундарынын баарына жеңилдик каралышы керектигин айтып, бул маселени чечүү үчүн протоколдук тапшырма берүүнү суранды. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарда жашап, иштеген жарандарга пенсияга чыгууда жеңилдик каралган. 

Маселен, өлкөдө жаш курак боюнча эркектер – 63, аялдар – 58 жашында пенсияга чыкса, бийик тоолуу аймактарда жашагандар андан 8 жыл эрте, аялдар – 50, ал эми эркектер – 55 жашында пенсияга чыкса болот. Бирок алар бийик тоолуу аймакта кеминде 20 жыл жашап, иштеген болушу керек. 

Бийик тоолуу аймакта жашап, иштеп, үч же андан көп бала төрөгөн аялдарга 45 жашында пенсияга чыгууга мүмкүндүк берилген. 
 


Тектеш материалды окуу