Akchabarsearch
Депутат банктарга кошумча салык киргизүүнү сунуштады

Жарыяланган

2026-18-11, 15:29

Депутат банктарга кошумча салык киргизүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин 18-ноябрдагы жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев коммерциялык банктарга азыркы төлөп жаткан салыктарынан тышкары кошумча салык киргизүүнү сунуштады.

Депутат өлкөдөгү банктар 2022-жылга чейин белгилүү бир өлчөмдө киреше таап келсе, 2022-жылдан кийин киреше кыйла өскөнүн кыйытып, ошол ашыкча тапкан кирешелеринен 20% салык алууну сунуштады. Бул салык атайын мыйзам аркылуу бир жолу төлөнө турган болот. 

Сыдыгалиев ал мыйзамды жазууга да даяр экенин билдирип, өкмөттүн пикирин сурады.

"Жакшы билесиздер азыр канча деген коммерциялык банктар көп пайда көрүп жатышат", - деди депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев азырынча өкмөттүн эч бир салыкты көтөрүү боюнча пландары жок экенин айтты. 

"Салык кодекси жаңы киргизилип жатканда банктарга "ашыкча кирешеге салык" бар болчу. Бирок кийин ал салыкты алып салганбыз. Мындай салык кээ бир мамлекеттерде бар", - деди Касымалиев.

Касымалиев депутат айткан сунушту изилдеп, экономикага кандай таасир тийгизе турганын талдап чыгуу керек экенин билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев салык боюнча мыйзамды карап жатканда, банктардан "ашыкча кирешеге салыкты" алуу сунушу айтылган. Бирок анда алар банктар тапкан пайдасын кайра эле өз капиталын көбөйтүүгө жумшаса, "ашыкча кирешеге (пайдага) салык" төлөбөсүн деген пикирге келишкен.

"Анткени банк тармагында азыр акча каражаттары жетишсиз. Тескерисинче акчасын банк тармагына киргизип, иштеткенге стимул болушу керек", - деди Амангелдиев. 

Эскерте кетсек, "ашыкча кирешеге (пайдага) салык" - бир жолу же убактылуу алына турган жыйым.  Кайсы бир компания белгилүү бир өлчөмдө киреше таап жүрүп, геосаяий кырдаалдан, тышкы таасирлерден улам кирешеси "адаттагыдан" ашып кетсе, ошол ашыкча табылган кирешеге (пайдага) гана "ашыкча кирешеге салык" киргизилет.  


Тектеш материалды окуу