Akchabarsearch
Депутат: Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштырууга дагы бир мүмкүндүк бергиле

Жарыяланган

2026-05-02, 12:56

Депутат: Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштырууга дагы бир мүмкүндүк бергиле

Депутат Маматалиев Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында чет элдик номерлүү унааларын мыйзамдаштырууга үлгүрбөй калган жарандарга дагы бир мүмкүндүк берүүнү суранды.

Буга чейин аталган унааларды мыйзамдаштыруудан бюджетке 1.8 млрд сом түшкөнүн айткан Маматалиев каттоодон өтүүгө жетишпей калган унаалардын тизмесин Экономика министрлигине бергенин, бирок алар дароо "жок" деген жообун бергенин белгиледи. Депутат өкмөттөн бул маселени дагы бир карап чыгууну өтүндү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев аталган маселе боюнча өкмөттүн так позициясы бар экенин, чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу боюнча башка мүмкүнчүлүк берилбей турганын белгиледи. 

Анын айтымында, мыйзамдаштыруу жүргөн учурда айрым жарандар шалаакылык кылып, жоопкерчиликсиз мамиле жасап койгон. 

Сөзүн улай Амангелдиев ЕАЭБдеги башка өлкөлөргө мыйзамдаштыруу боюнча экинчи өнөктүктүн зарылдыгын түшүндүрүү кыйынга турарын, алар “силер контрабанда киргизип, жалпы бюджетке акча төкпөйсүнөр” деген дооматтарды коюшу мүмкүн экенин айтты. 


Тектеш материалды окуу