Akchabarsearch
Депутат дыйкан-фермерлерге 2-3% менен арзан насыя берүүнү талап кылды

Жарыяланган

2026-17-06, 11:57

Депутат дыйкан-фермерлерге 2-3% менен арзан насыя берүүнү талап кылды

Депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин жыйынында дыйкан-фермерлерге 2-3% менен арзан насыя берүү маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, башка өлкөлөрдө, ошол эле коңшу Казакстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мамлекет айыл чарба тармагына 30%га чейин субсидияларды берет. Ал эми Кыргызстанда 6-8% менен жеңилдетилген насыя берилип жатканы менен ал да болсо дыйкандар үчүн кымбат болууда.

Ал жакында эле Ысык-Көлгө барып келгенин, ал жакта сүт өндүргөн фермерлер сүттүн көлөмү 1.5 эсе азайып кеткенин, экспорт кыла албай калганын айтып, мамлекет арзан насыя берсе жакшы болорун айтышкан.

Депутат азыр мамлекет тигүү тармагына жана зергерлерге пайызсыз насыя берип жатканын белгилеп, дыйкан-фермелерге 6%дын ордуна 2-3% менен насыя берүүнү сунуштады.  

Каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев аталган маселени Айыл чарба министрлиги менен биргелешип карап чыгарын билдирди. 


Тектеш материалды окуу