
Жарыяланган
2026-29-04, 12:10Жогорку Кеңештин 29-апрелдеги жыйынында депутат Табылды Муратбеков онлайн казинолорду теске салууну талап кылды.
Акыркы кезде онлайн казинолор көбөйүп кеткенин айткан депутат алардын ишин көзөмөлгө албаса, анын айынан көптөгөн жарандар карызга батып, үй-бүлөлөр бузулуп, жаштардын тагдыры талкаланып жатканын билдирди. Казинонун айынан жанын кыйган жарандар бар экенин айтты.
Депутат тиешелүү органдарга тапшырма берип, онлайн казинолордун ишин теске салуу керектигин белгиледи.



