
Жарыяланган
2026-02-10, 12:37Мен Сүлүктүдө окуп жүргөндө сууну эшек менен ташып иччүбүз, азыркыга чейин эл сууну ошентип ташып ичет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Ишеним" депутаттык тобунун 2-октябрдагы жыйынында депутат Исманали Жороев билдирди.
Анын айтымында, азыр эл ташып ичип жаткан суу да дайыма болбойт. Маал-маалы менен берилет.
"Республика боюнча сарык менен ооругандар эң көп Сүлүктүдө экен", - деди ал.
Айыл чарба министрлигинин Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Зарылбек Каратаевдин айтымында, Сүлүктүдө таза суу боюнча долбоор 2018-2021-жылдары ишке ашырылган. Ага 4 млн доллар жумшалган.
Ушул жерден анын сөзүн депутат бөлүп, алар жанагынча акча которкону менен Сүлүктү азыркыга чейин таза суусу жок отурганын айтты. Себеби министрлик суунун түтүктөрүн гана тартып койгон, бирок аны таза суу менен камсыз кылган эмес.
"Түтүктөрдү тарттыңыздар, ага сөз жок. Эсептегичтерди койдуңуздар. Бирок суу жок да! Анын эмне кереги бар", - деди депутат.



