
Жарыяланган
2026-29-04, 10:39Жогорку Кеңештин 29-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Бекешев студенттердин стипендиясын көтөрүүнү сунуштады.
Дастан Бекешев учурда стипендия унутта калганын белгилеп, анын суммасы болгону 800 сом экенин айтты.
Быйыл мамекет бир топ чыгымдарды жасап жатканын айткан депутат келерки жылдын бюджетине стипендияны көтөрүү үчүн акча караштырууну сунуштады.



