Akchabarsearch
Депутаттар эс алуудан кайтып келип, Жогорку Кеңештин сессиясынын ачылышы болду

Жарыяланган

2025-01-09, 10:31

Депутаттар эс алуудан кайтып келип, Жогорку Кеңештин сессиясынын ачылышы болду

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясынын расмий ачылышы болду. Бул тууралуу парламеттин маалымат кызматы билдирди. 

Жыйындын башында төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, Кыргызстандын гимни жаңырды.

Белгилей кетсек, Конституциянын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы иш күнүнө чейин өткөрүлөт. 


Тектеш материалды окуу