Жарыяланган
2025-03-09, 17:07Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри И.М.А. (Исаев Марс Асанович) коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шаардык прокуратура жер тилкелерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча мэриянын, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жана Ош шаарынын архитектурасынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин УКМК жүргүзө баштаган.
Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Исаев 55 гектардан ашык айыл чарба жерин өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу боюнча токтомдорго кол койгон. Ал токтомдордун негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу бөлүмү "К.Т." аттуу компанияга мамлекеттик актыларды чыгарып берген.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен 21-августта Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри Исаевге Кылмыш кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, кармалган. Ош шаардык сотунун чечими менен ал 31-сентябрга чейин камакка алынган.