Жарыяланган
2025-03-09, 18:18Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-сентябрда Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Цай Ци менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда саясий диалогду тереңдетүү, гуманитардык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелери талкууланган.
Цай Ци Садыр Жапаровдун Кыргызстандын экономикасын реформалоо жана өнүктүрүү, ошондой эле калктын бакубатчылыгын жакшыртуу боюнча күч-аракеттерин жогору баалаган. Ал Жапаровдун жетекчилиги астында республика өнүгүү жана улуттук кайра жаралуу жолунда ишенимдүү кадам таштап жатканын айткан.
Жапаров Кыргызстан Кытай менен өз ара ишенимге, конструктивдүү саясий диалогго негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин билдирген. Ошондой эле ал Кытай Кыргызстандын ири соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөшү экенин белгилеп, каржы, инфраструктура, маданий жана гуманитардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин сөз кылган.
Президент кытай компанияларын Кыргызстандын улуттук долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышууга чакырган. Ал Кыргызстан экономиканы өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган биргелешкен демилгелерге ачык экенин айткан.