
Жарыяланган
2026-14-09, 12:32Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермелерге арзан насыя берүү боюнча жаңы программаны ишке киргизет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, дыйкан -фермерлерге 3 жана 6% менен нася берген программалар иштеп жатат. Бирок аны насыянын шарттарына туура келбеген жарандар ала албай калып жатат: биринин бизнеси, башкасынын сарайынын документтери туура келбей калууда. Мындан улам эл арасында жанагы насыя байлар үчүн экен деген ой айтылууда.
Дыйкан-фермерлерге арзан насыя алуу жеңил болушу үчүн министрлик 2027-жылдан тартып жаңы долбоорду ишке киргизгени жатат.
"Эми Айыл чарба министрлиги агростартап деп жаңы программаны ишке киргизгени жатабыз", - деди ал.
Ошондой эле ал АБанк менен Элдик Банктан насыя алууга коюлган шарттарды жеңилдетүү боюнча иш алып барышарын айтты.



