Akchabarsearch
Экология министрлиги Канттын мэриясына 51 миң сом айыппул салды

Жарыяланган

2026-15-07, 10:34

Экология министрлиги Канттын мэриясына 51 миң сом айыппул салды

Кант шаарынын мэриясына 51 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди. 

Айыппулдун салынышына мэриянын таштанды полигонунда чыккан өрт себеп болгон. 

Кант шаарынын мэри Улан Майлибашевдин айтымында, таштанды жайында чыккан өрт жылда жай менен кошо келген көйгөй. Бул маселени чечүү үчүн алар таштандыны кайра иштеткен завод салуу үчүн анын долбоорун даярдашууда.


Тектеш материалды окуу