
Жарыяланган
2026-19-06, 15:40Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясына айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, 18-июнда бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында Кант шаарынын мэриясынын карамагындагы таштанды жайында өрт чыкканы тууралуу маалымат чыккан.
Ага байланыштуу министрликтин кызматкерлери жерине текшерүү менен барып, Канттын мэрияына 23 миң сом айып салган.



