Akchabarsearch
Элдик Банк - HR Excellence 2026 сыйлыгы боюнча эң мыкты жумуш берүүчү

Жарыяланган

2026-20-04, 16:53

Элдик Банк - HR Excellence 2026 сыйлыгы боюнча эң мыкты жумуш берүүчү

17-апрелде «Элдик Банк» ААКсы HR Excellence 2026 сыйлыгынын алкагында "Эң мыкты жумуш берүүчү" башкы номинациясына татыктуу болду. Алынган сыйлык Банктын кызматкерлери менен иш алып баруу, корпоративдик маданиятты өнүктүрүү, ошондой эле, иш чөйрөсүн ыңгайлуу жана ишеничтүү түзүү жаатындагы стратегиясынын натыйжалуулугун тастыктап турат.

Банк заманбап HR-практикаларды ырааттуу жайылтып, кызматкерлердин кесиптик жана жеке өнүгүүсүнө инвестиция жумшап, ишеним, ачык-айкындык жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген корпоративдик маданиятты калыптандырууда.

Мындай кесиптик сыйлыкка татыктуу болуу Банктын көздөгөн багытынын тууралыгын тастыктап, ички процесстерди андан ары өркүндөтүүгө көмөкчү колдоо болуп саналат. «Элдик Банк» ААКсы, мыкты практикаларды жайылтуу жана кызматкерлердин иш билги сапаттарынын айырмаланып байкалуусу жана туруктуу колдоого алынып туруусу үчүн шарттарды түзүү менен, корпоративдик чөйрөнү мындан ары дагы өнүктүрүүгө умтулуп турат.


Тектеш материалды окуу