
Жарыяланган
2026-09-09, 13:50«Элдик Банк» ААК экинчи жыл катары менен Кытайдын эл аралык инвестиция жана соода жарманкесине (CIFIT) катышууда. Бул инвестициялык жана ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн дүйнөдөгү ири эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат.
«Элдик Банк» - бул глобалдык аянтчада Кыргызстандын атынан катышып жаткан жалгыз банк.
Быйылкы көргөзмөгө 120дан ашык өлкө жана аймактын өкүлдөрү катышып, жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
«Элдик Банк» CIFIT көргөзмөсүнө CIPS (Cross-Border Interbank Payment System) - Кытайдын чек ара аралык банктар аралык төлөм системасына мүчөлүгүнүн алкагында катышууда. Белгилей кетсек, 2025-жылы Банк Борбордук Азиядагы CIPS системасынын түздөн-түз катышуучусу статусуна ээ болгон биринчи жана жалгыз банк болгон.
CIPS системасына катышуу «Элдик Банктын» Кытай менен болгон ишкердик байланыштарын бекемдөөгө, чек ара аралык төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана бизнес үчүн эл аралык эсептешүүлөрдү ыңгайлуу кылууга өбөлгө түздү.
Көргөзмөнүн алкагында Банк өзүнүн ишмердүүлүгү, продуктулары жана кызматтары тууралуу маалымат берип, эл аралык каржы жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүдө. Негизги багыттардын бири — эл аралык корреспонденттик тармакты кеңейтүү. Бул Кыргызстандын жарандары жана бизнеси үчүн финансылык кызматтарды пайдаланууда кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана ыңгайлуулукту жогорулатууга шарт түзөт.
«Элдик Банк» CIFIT-2026 көргөзмөсүнүн конокторун Кыргызстан менен да тааныштырат: стендде кыргыздын салттуу таттуулары жана улуттук даамдар сунушталууда.
«Элдик Банктын» CIFIT көргөзмөсүнө экинчи жыл катары менен катышуусу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргызстандын дүйнөлүк финансылык жана ишкердик аянтчасындагы позициясын бекемдөөгө жана кардарлары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө болгон умтулуусун дагы бир ирет тастыктайт.
КРУБ лиц. №033



