Akchabarsearch
    Электр унаа ээлери үчүн тонировкага уруксаттын баасын арзандатуу пландалууда

    Жарыяланган

    2025-30-07, 15:00

    Электр унаа ээлери үчүн тонировкага уруксаттын баасын арзандатуу пландалууда

    Кыргызстанда  электр унаа ээлери үчүн темир тулпарынын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алуунун баасын арзандатуу сунушталууда. Унааларды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

    Документте айтылгандай, электр унаа ээлери (жарандар) үчүн тонировкага уруксаттын баасын 30 миң сом, юридикалык жактар үчүн 50 миң сом жана резидент эместер үчүн 70 миң сом кылуу пландалууда. 

    Азыр тонировкага уруксаттын баасы жарандар үчүн бир жылга 50 миң сомду, юридикалык жактарга 70 миң сомду жана резиденттер үчүн 90 миң сомду түзөт.  


    Тектеш материалды окуу