
Жарыяланган
2026-22-09, 12:53Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү айлыгын ала албай жаткан кыргызстандыктарга маянасын алууга жардам берди. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин өкүлчүлүккө Кыргызстандын 11 жараны кайрылып, «РБК Стройинвест» курулш компаниясынын жетекчилиги айлыктарын төлөбөй жатканын билдиришкен.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин кийлигишүүсүнөн кийин компания 11 кыргыз жаранына жалпы 1.9 млн рублга жакын маянасын төлөп берген.
Министрлик Россиядагы кыргызстандыктар эмгек укуктары бузулган учурда (анын ичинде айлык акысы төлөнбөй калса же өндүрүштүк жаракаттар үчүн компенсация берилбесе) алардын өкүлчүлүгүнө кайрылып, акысыз укуктук жардам ала аларын эске салат.



