Akchabarsearch
Эртең Бишкекте 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Жарыяланган

2026-23-02, 10:14

Эртең Бишкекте 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 24-февралда Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди. 

Ишкана абоненттерди карызын убагында төлөөгө чакырат. 

Абоненттер өзүнүн жеке эсебин ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн, "Менин жарыгым" тиркемеси аркылуу, 1209, 105 же 0772/0556 00 12 09 номерине чалып, же болбосо 0702 001209 номерине WhatsApp аркылуу жазып биле алат.

Электр энергиянын акчасын электрондук капчык, терминалдар аркылуу, банктарга же "Кыргызпочтасы" ишканасынын бөлүмдөрүнө барып төлөөгө болот.  
 


Тектеш материалды окуу