Akchabarsearch
Эрулан Кокулов Бишкек мэриясын сынга алды

Жарыяланган

2026-16-09, 10:57

Эрулан Кокулов Бишкек мэриясын сынга алды

Депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын мэриясын сынга алды.

Анын айтымында, буга чейин кесиптеши Болот Ибрагимов Бишкектеги жолдордогу мүчүлүштүктөрдү айтып чыкса, эртеси мэрия "жолдор түптүз, сонун экен" деп депутаттын сөзүн төгүндөп, анын калп айтканын билдирген.

"Урматтуу мэрия, биз колубуздан келишинче силерди колдоп жатабыз. Бирок мынчалыкка барбагыла. Бүт нерсенин чеги бар. Бишкектеги жолдор эрип жатканы калппы?! Чындык! Бүтөлүгөн жерге алып барган арыктар калппы?! Чындык! Веложолго шылдың кылып коюп койгон бетон мамы калппы?! Чындык! Эл көрүп жатат", - деди депутат.

Ал мэрияга комиссия түзүп, Бишкекте салынып жаткан жолдордун сапатын текшерүүнү сунуштады. 
 


Тектеш материалды окуу