Akchabarsearch
Европа биримдиги авиациядагы кара тизме боюнча 19 жылда алгач ирет Кыргызстанга оң маанайдагы кат жолдоду
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-16-12, 09:00

Европа биримдиги авиациядагы кара тизме боюнча 19 жылда алгач ирет Кыргызстанга оң маанайдагы кат жолдоду

Европа комиссиясы жана Европа биримдигинин аба каттамдардын коопсуздугу боюнча комитети (EU Air Safety Committee) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттигине расмий кат жолдоду. 

Мекеменин башчысы Данияр Бостонов келген кат боюнча маалымат берип, анын өлкө үчүн кандай мааниси бар экенин айтып берди. 

Анын айтымында, кат келгени тууралуу маалымат – чын.

“Ырас, аталган кат Европа биримдигинен расмий каналдар аркылуу келди. Бул Кыргызстандын Европа биримдигинин авиациялык кара тизмесинде турган 19 жыл ичинде Европа биримдигинин аба каттамдардын коопсуздугу боюнча комитетинен алгач ирет келген оң маанайдагы кат болуп жатат”, - деп белгиледи мекеменин жетекчиси.

Катта Европа тарап Кыргызстандын 2025-жылы авиациялык коопсуздук багытында жетишкен олуттуу жетишкендиктерин расмий түрдө тааныган. Анда өлкөдөгү мыйзамдардын реформасы, институционалдык потенциалдын күчөтүлгөнү, инспекторлордун санынын өскөнү жана заманбап көзөмөл жол-жоболорунун киргизилгени белгиленген. 

Эскерте кетсек, быйыл октябрда Брюсселде Европа комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттигинин техникалык жолугушуусу болуп өткөн. Анда мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү аба каттамдардын коопсуздугу багытындагы реформалардын жыйынтыгын көрсөтүп, аны коргой алган. Жыйынтыгында Европа тарапка мыйзамдарга киргизилген өзгөрүүлөр, сертификациялоо тутуму, кадрлар менен камсыз болушу жана көзөмөл жол-жоболору тууралуу маалымат берилип, бул Европа биримдигинин азыркы оң баалоосуна негиз болуп берген.  

Дания Бостонов белгилегендей, Европа биримдигинин келерки жылы мартта Кыргызстанга атайын миссиясын жөнөтүүгө даяр экени эң маанилүү белги болуп саналат.

“Бул катта эң башкы нерсе так белгиленген: Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттик Европа комиссиясы айткан бардык жол-жоболорду жана талаптарды аткарууга жетишсе, Европа биримдигинин кара тизме боюнча миссиясы Кыргызстанга 2026-жылдын марты айында келет. Бул Европа биримдигинин соңку текшерүүсү болот”, - деди ал.

Агенттиктин маалыматы боюнча, жакынкы айларда мекеме авиакомпаниялардын ресертификациясын бүткөрүүгө жана келерки жылдын февраль айына чейин Европа тарапка бардык керектүү документтерди берүү иштерин алып барат.

Эксперттер белгилешкендей, Европа биримдиги тарабынан жөнөтүлгөн каттагы маанай жана анын мазмуну буга чейин болбогон жылышты көрсөтөт, аны менен бирге өлкөнүн авиациялык кара тизмеден чыгуусу үчүн тарыхий кадам болуп калышы мүмкүн. 

“Биз көп жылдардан бери алгач ирет жөн гана эскертүүлөрдү эмес, ишеним, диалогду көрүп турабыз, так жол карта бар. Бул – бардык команданын ырааттуу жана оор жумушунун жемиши”, - деп белгиледи агенттиктин жетекчиси.

Эгер Европа биримдигинин марттагы миссиясы жарандык авиациянын улуттук системасынын даярдыгын ырастаса, Кыргызстан аталган тармактагы эң маанилүү маселени чечүүгө жакындаган болот. 


Тектеш материалды окуу