Akchabarsearch
Валюталар курсу: евро менен теңге арзандады, рубль менен юандын курсу өстү.

Жарыяланган

2025-14-04, 16:05

Валюталар курсу: евро менен теңге арзандады, рубль менен юандын курсу өстү.

Улуттук банк 15-апрелге карата расмий валюталар курсун жарыялады. Жаңыланган маалыматка ылайык, евро менен теңгенин баасы түштү.

Евронун курсу 0.3%га, 99.8898 сомдон 99.5924 сомго чейин арзандады. Теңгенин баасы 0.7%га, 0.1699 сомдон 0.1687 сомго чейин түштү. 

Ошол эле учурда рубль 0.7%га, 1.0391 сомдон 1.0464 сомго чейин кымбаттады. Юань 0.13%га, 11.9592 сомдон 11.9743 сом дейре көтөрүлдү. Доллардын курсу 87.45 сом бойдон өзгөрүүсүз калды.


Тектеш материалды окуу